Бишкек-Нарын-Торугарт авто жолундагы Боом капчыгайында транспорт каттамдары үчүн чектөө киргизилүүдө. Бул тууралуу Govori.TVга күбөлөр билдирди.
Күбөнүн айтымында, Чүй облусуна караштуу Кемин районунун кире беришинде унааларга чектөө киригизилип жатат.
Кошумчалай кетсек, мындай чара коронавирусту жайылтпоо максатында киргизилген өзгөчө кырдаалдын алкагында көрүлүүдө.