Апта соңунда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги (КМШ) уюмуна мүчө өлкөлөрдүн атайын кызмат жана күч түзүмдөрүнүн башчылары Москвага чогулат.
РИА Новости агенттиги Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковго шилтеме кылып, жума күнү президент Владимир Путин КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызмат башчылары менен жолукпай турганын жазды. Песковдун айтымында, Путин постсоветтик өлкөлөрдүн башкы чекисттери менен видеоконференция режиминде сүйлөшүүгө ниеттенип жатат.
Буга чейин орусиялык басылмалар Москвада 30-сентябрда өтө турган жыйынга Азербайжандын, Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Орусиянын, Тажикстандын жана Өзбекстандын делегациялары катышып, алар менен Путин жолугарын жазышкан.