Түркмөнстанда Борбор Азия лидерлеринин жолугушуусу өтүп жатат. Президенттердин алгачкы диалогу бейрасмий форматта өтүп, өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов конокторду Каспий деңизинин жээгинде тосуп алган.
Сүрөттөрдөн Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, өзбек лидери Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын өлкө башчысы Эмомали Рахмон жана Түркмөнстандын жетекчиси Гурбангулы Бердымухамедовду көрүүгө болот.
Ал эми расмий жыйында экономикалык кызматташтыкты арттыруу, энергетика тармагы жана Ооганстандагы соңку кырдаал талкуулана турганы кабарланган.