Бишкекте видеокамералар аркылуу тазалык жана тартип бузгандар табылды
Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы башаламан таштанды таштоочу жайларга орнотулган видеокамераларга түшкөн тартип бузуучуларды ыкчам тапты.
Белгилей кетсек, шаар тургуну Р.А. М. «Аламедин» базарынын жанындагы белгиленбеген жерге
таштандыларды ыргыткан. Эреже бузуучу тиешелүү жазасын алды. Инспекторлор ага Кыргыз
Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгүнүнө ылайык протокол түзүштү.
Дагы бир шаар тургуну Т.В. аттуу жаран видео камеранын негизинде белгилүү болду.
Ал Керимов жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишиндеги белгиленбеген жерге тиричилик таштандыларын таштагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылды. Ага Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгү боюнча протокол түзүлдү. Ошондой эле үчүнчү мыйзам бузуучуга да айып пул салынган. Шаар тургуну Е. И. А. Үсөнбаев көчөсүнөдө белгиленбеген жерге таштанды салынган баштыктарды ыргыткан. Эреже бузган ар бир жаранга 5 500 сом айып пул салынды.
Эскерте кетсек, Бишкек шаарында белгиленбеген жерге таштанды таштагандар менен күрөш уланууда.