Борбордо ырчы Арсен менен Бегайымдын үйлөнүү тою өтүүдө (сүрөт,видео)
Борбордо ырчы Арсен менен Бегайымдын үйлөнүү тою өтүүдө (сүрөт,видео)
18 Теке 2018 22:33 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 18.07.2018. Govori.TV
Ушул тапта борбордогу ресторандын биринде эстрада ырчысы Арсендин үйлөнүү тою өтүүдө. Бул туурасында ырчынын кесиптештери инстаграмдагы баракчасына жүктөп жатышат.
Арсендин тою ырчы Гулнур Сатылганова, Омар, Эрмек Нурбаев, Мирбек Атабеков, Бек Исраилов, Санжар Мыкыев ж.б. кесиптеш достору жана тууган-урук, дос-курбуларынын курчоосунда өтүүдө.
Белгилей кетсек, 15-июлда Арсен бойдокчулук менен коштошуп сүйүктүүсү Бегайымга баш кошкон.