• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Борбордогу баардык мечиттер дезинфекцияланат

11 Жалган куран 202017:35 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын борбордук мечитине Саламаттыкты сактоо министрлигинин санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери келип, дезинфекциялоо иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу Муфтияттын маалымат катчылыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарындагы 68 мечит кезек-кезеги менен күнүнө 2 жолу дезинфекцияланып турат.

«Дезинфекция жасаган адистер дары каражаттары кошулган сууну мечиттин ичине, айнек-терезелерине, короосуна, дааратканасына чачты», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бул коронавирустун жайылуусун алдын алуу максатында ишке ашырылууда.

Количество просмотров: 80