• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

УКМКнын мас кызматкери тапанча менен коркутканы тасмага түшүп калды

19 Жетинин айы 2018 12:35 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 19.11.2018. Govori.TV
Бишкектеги кафеде УКМКнын мас кызматкери тапанча менен коркутканы тасмага түшүп калды.
Милиция кызматкерлери болгон окуя боюнча жарандын өздүгүн тактап жатат. Ошондой эле бул жаран алардын кесиптеши экендиги да аныкталып жаткандыгын кошумчалашты.
Бишкек шаарындагы Live Bar кафесинде УКМК кызматкерине окшогон жаран тапанчасы менен коркуткан. Бул көрүнүштүн тасмасы Instagram социалдык баракчасына жарыяланган.
Бул маалыматты жайгаштырган адамдын маалыматы боюнча, ал жаран УКМК кызматери деп айтылат.
 “ Борбордогу Live Bar кафесинде УКМК нын мас кызматкери, эс алуучуларды тапанча көргөзүп коркутту”,-деп видеону баяндады.
Бул маалымат боюнча ШИИБ жарандын ким экени такталып жаткандыгын билдирип, текшерүү иштери башталганын кошумчалады.
Аталган маалымат боюнча УКМК дагы изилдөө жүргүзүп жатат. Эгерде чын эле УКМК кызматкери экени аныкталса тиешелүү чара көрүлүп, кызматынан кетиши мүмкүн экенин айтат мекеменин маалымат катсычы Рахат Сулайманов.

Количество просмотров: 57