• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Турганбаев,»ИИМде келемиштер отурат» деген сөзгө үн катты

18 Тогуздун айы 2018 14:16 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.10.2018.Govori.TV

ИИМдин мурунку жетекчиси Мелис Турганбаев КСДП фракциясынын депутаты Искендер Матраимовдун ИИМде “Келемиштер отурат” деген сөзүнө үн катты.

Турганбаевдин айтымында Матраимовдун мынтип айтканына негиз жок. Эгер, ИИМде келемиштер отурган болсо, депутаттар аны ачыкташы керек.
Мелис Турганбаев депутат Матраимовду аябай урматтап, сыйларын бирок, бул пикирди ал ойлонбой айтып алды деген бүтүмгө келип, түшүнүү менен карай турганын билдирген.

Көп өтпөй Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов өзүнүн ИММде “Келемиштер отурат” деген сөзүнө комментарий берди. Ал «Азаттыкка» берген маегинде “Мен бул сөздү жалпы ИИМге айткан эмесмин. “Коопсуз шаар” проектисин 8 жылдан бери ишке ашырылбай келгенинен улам, ошол проектиге тиешелүү кишилерге айткамын” деди.

Эскерте кетсек, Искендер Матраимов жыйында “Коопсуз шаар” боюнча сүйлөп жатып, Финансы министрлигинде жана ИИМде “Келемиштер отурат” – деп айткан. Ал башка мамлекттерде “Коопсуз шаар” оңой эле орундалганын жана бул проектке Кыргызстан 8 жылдан бери өтө албай келгенин айтып, жоопкерчиликти эч ким албай жатканын  кошумчалаган эле.

Количество просмотров: 46