• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Борбордук аянтта башкы балаты кандай жасалды? (видео)

15 Бештин айы 2021 16:46 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында Жаңы жылдык башкы балатыны жасалгалоо иштери аяктап калды. Учурда балатынын айланасы тосулуп, «Бишкек жарык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери иштөөдө.

Бишкектин «Ала-Тоо» аянтын жана балатыны жаңы жылдык жасалгалоого 5 миллион 600 миң сомдон ашык каражат жумшала турганын буга чейин мэриядан билдиришкен. Маалыматка караганда, бул сумма 25 метрлик балатыны жасалгалоого, андан тышкары, «Ала-Тоо» аянтынын айланасында кооздоого жумшалат. Арка фасаддары светодиоддук торлор менен кооздолуп, жасалгаланган сейилдөө аллеялары түзүлүп, аянттагы объектилер гирляндаларга оролуп, көчө бойлой бактарга чоң оюнчуктар илинет.

Количество просмотров: 567