• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Боргемикова: Ири долбоорлор менен иштеп, өз айылыма жардам бергим келет

20 Чын куран 2024 12:31 Бишкек Govori.TV

18-19-20-апрель күндөрү “GOVORI.TV” агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында онунчу тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келген.

Алардын бири Айчүрөк Боргемикова, Талас облусунан келди.

«Айтматов районундагы бала бакчада жетекчи болуп иштейм. Ошондой эле айылдагы айымдар кеңешинде мүчөмүн. Бул долбоордон өзүмдү өзүм таанып билгим келет. Ошону менен бирге эле коомдогу айымдарды орун жана ролун арттыруу багытында билим алгым келет», — дейт ал.

Количество просмотров: 89