• Жекшемби 12 Бугу 2024
  • Воскресенье 12 Май 2024

Боронбаевдин ордуна келген Зулпуев тууралуу эмне белгилүү?

14 Бирдин айы 2024 16:47 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин “Ата Журт-Кыргызстан” фракциясынын депутаты Абдыбахаб Боронбаевдин мандатын тапшыруу тууралуу жазган арызын карап, анын ыйгарым укуктарын токтотту.

Чечимди БШКнын мүчөлөрү бир добуштан колдоду. Анын ордуна депутаттык төш белги менен күбөлүк Саидбек Зулпуевге тапшырылды.

Саидбек Зулпуев 1968-жылы 11-июнда Ош облусунун Ноокат районундагы Көк-Жар айылында төрөлгөн.

Жогорку билимдүү. Москвадагы Плеханов атындагы Россиянын экономикалык академиясын аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1993-1995 ―»Кыргызгипроводхоз» долбоорлоо институтунда жетектөөчү адис, жетекчинин орун басары;
  • 1995-1997 ― Агроөнөр жай комплекси башкармалыгынын башкы адиси;
  • 1997 ― Финансы министрлигинин Жалал-Абад шаардык бөлүмүндө жетекчи;
  • 1997-2000 ― Финансы министрлигинин Жалал-Абад шаардык бөлүмүндө бюджет боюнча бөлүм башчы;
  • 2000-2001 ― Финансы министрлигинин Чүй облустук бюджеттик бөлүмүндө жетекчи;
  • 2001-2007 ― Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында директордун орун басары;
  • 2007-2011 ― Финансы министрлигинде министрдин орун басары, борбордук казынанын директору;
  • 2012-2021 ― Банктарды жоюу боюнча агенттикте директор.
Количество просмотров: 216