• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Боронов: 1-класстар мектепке барып окуйт

14 Баш оона 2020 16:12 Бишкек Govori.TV

Быйыл жаңы окуу жылында 1-класска баруучу 156 миң окуучуга менчиктин түрүнө карабастан мектептердин эшиги ачылат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүн жыйынында билдирди.

Анын айтымында,  калган класстардын бардыгы онлайн режимде окутулат.

«1-класстын 156 миң окуучусуна 100% мектептердин эшиктери ачылат. Баланын социалдык адаптациясы, окуу көндүмдөрү, колдун моторикасы жашында калыптанганы абдан маанилүү. Ошол эле учурда экинчи жагынан эпидемиологиялык кырдаалдын шарттары эске алынып, окутуунун алгоритмдери толук жана так иштелип чыксын», — деди Боронов.

Ошол эле учурда премьер-министр жалпы аймактардагы эпидемиологиялык абал толук турукташа электигин кошумчалап, эпидемиялык абалдын курчуп кетишине жол ача турган учурлардын бардыгына бөгөт коюу зарылчылыгын белгиледи.

Количество просмотров: 384