• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Боронов: 3 айга чейин коммуналдык кызматтардын баарын өчүрбөө жагы каралды

8 Чын куран 2020 16:00 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу коммуналдык кызматтарды үч айга чейин төлөбөй турууга уруксат берилди. Бул туурасында биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, эч кандай туумдар кошулбайт.

«Жалпы элге үч айга чейин коммуналдык кызматтардын баарын өчүрбөө жагы каралды. Эч кандай туумдар кошулбайт. Төлөй албай калышса, бир да кызматкер барып өчүрүп кетпейт», — деди Боронов.

Количество просмотров: 213