• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Боронов: Акыйкат шайлоо өткөрүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар

17 Кулжа 2020 11:16 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Кубатбек Бороновдун жана башка өкмөт мүчөлөрүнүн талапкерлиги каралып жатат. Анда депутат Төрөбай Зулпукаров шайлоону таза өткөрүү өкмөттүн негизги милдети болуш керектигин билдирди.

«Быйыл саясий шайлоону мыйзамдуу өткөрүшүңөр керек. Кээ бирлери шайлоодон кийинки кырдаалды күчөтүүгө аракет кылышы мүмкүн. Бир дагы партияга басым көрсөтпөстөн иштеп кете аласыздарбы?» — деди Зулпукаров.

Өкмөт башчылыкка талапкер Боронов эл өкүлүнө жооп берип, таза шайлоо өткөрүү өкмөттүн негизги милдети экенин айтты. 

«Кечээ президенттин кабыл алуусунда болдум. Мамлекет башчынын биринчи талабы дагы акыйкат шайлоо өткөрүү болду. Биздин эркибиз жетет, буга чейин дагы ушундай штабда иштеп келгенбиз. Аны жүргүзгөнгө мүмкүнчүлүгүбүз бар», — деди Боронов.

Количество просмотров: 109