Шайлоочулардын шайлоого катышуусун жогорулатуу үчүн добуш берүүгө катышкандар арасында ар кандай лотереяларды өткөрүү сунушталууда. Бул тууралуу депутат Марлен Маматалиев демилгелеген долбоордо айтылат.
«Шайлоо мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору 13-январдан тарта коомдук талкууга коюлду.
Демилгечи депутаттын пикиринде акыркы 15 жылда республика боюнча шайлоочулардын катышуусу төмөндөп жатат.
«Шайлоочулардын катышуусун жогорулатуунун өзгөчө механизмдеринин бири – добуш берүүгө катышуучулар арасында ар кандай лотереяларды өткөрүү болуп саналат. Бул лотереяларды шайлоочулардын шайлоо активдүүлүгүнүн көрүнүшү катары караса болот, анткени аларды өткөрүү шайлоочулардын добуш берүүгө катышуусуна түрткү берет. Ал эми активдүү шайлоо укуктарынан баш тартууну тандаган жарандар кошумча мамлекеттик жеңилдиктерден, айрым артыкчылыктардан же шартталган жеңилдиктерден пайдалана алышпайт, алардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат жана бекитилет (мисалы, мамлекеттик турак жай программасы боюнча турак жайга артыкчылыктуу укук; айрым административдик айып пулдардын түрлөрүн төлөөдө жеңилдиктер; университеттерде дипломдук иштерди, магистрдик диссертацияларды же башка жыйынтыктоочу аттестациялоо формаларын коргоодо кошумча упайлар; магистратура же аспирантура программаларында бюджеттик орундарды бөлүштүрүүдө артыкчылык; билим берүү же илимий изилдөөлөр үчүн мамлекеттик гранттарды алууда артыкчылык; мамлекеттик жана муниципалдык кызматка конкурстук тандоодо же мамлекеттик органдарда стажировка программаларына катышууда артыкчылык). Дүйнө жүзү боюнча көптөгөн өлкөлөрдө шайлоолорго милдеттүү түрдө катышуу каралган, бул жогорку катышууну камсыз кылуунун натыйжалуу куралы болуп саналат», — деп жазылат сунушталган мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде.
Эске салсак, 2025-жылдын 30-ноябрында өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын катышуусу 36,90%ды түзгөн.