• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Боронов: Авиа каттамдар этап-этап менен калыбына келтирилип жатат

8 Аяк оона 2020 15:08 Бишкек Govori.TV

«Авиа каттамдар этап-этап менен калыбына келтирилип жатат. Бул тууралуу премьер-министри Кубатбек Боронов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Россия менен сентябрь ичинде 20 рейс аткарылды.

Учурда Россиянын жарандыгы барларга, медициналык жардамга муктаждарга, спортчуларга Россияга кирүүгө уруксат берилди. Калган жарандарга кирүүгө уруксат жок, бирок, буюрса, бул чектөөлөр да жакында алынат. Ал эми студенттерге Россияга кетүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Россия студенттерди киргизүү боюнча алгоритмдерди иштеп жатат, ага ылайык студенттер изоляциялык нормаларды сактоого милдеттүү болушат», — деди Боронов.

Количество просмотров: 128