• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Боронов Бишкек шаарындагы бир катар постторду текшерип чыкты

27 Жалган куран 2020 9:15 Бишкек Govori.TV

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкек шаарынын комендатурасынын иши менен таанышып,  бир катар постторду текшерип чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Борбор калаанын коменданты Алмаз Орозалиев комендатуранын коомдук коопсуздукту камсыздоо, киргизилген убактылуу чектөөлөр, шаардын аймагында орнотулган посттордун иши боюнча аткарып жаткан иштери тууралуу айтып берди. Ошондой эле ал өлкө калкынын зарыл муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн азык-түлүк жана медициналык дары-дармектерди ташууну үзгүлтүксүз жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн дагы бир ирет баса белгиледи.

Буга байланыштуу ташуу менен алектенген ишкерлерге атайын уруксат берүү варианттарын карап чыгуу сунушталды.

Кубатбек Боронов алардын ишмердүүлүгү, унаа каражаттарынын жана жарандардын шаардын аймагына кирип чыгуусу боюнча бекитилген тартиби менен таанышып, шаардын түндүк-чыгышында жайгашкан посттордун биринин шаардан чыгаруу процессин көзөмөлдөө боюнча ишинин начардыгын белгилеп, кызматкерлер жеке коргонуучу каражаттар менен тийиштүү жана жетиштүү түрдө камсыздалбаганын сындады.

«Биз жарандардын жана унаалардын жылып жүрүүсүндө, ошол өңдүү эле милиция, медицина жана башка кызматтар тартылган негизги процесстерди башкарууда толук тартип орнотууга тийишпиз. Жарандарыбыздын жана адистерибиздин коопсуздугуна кам көрүү башкы орунда турушу кажет», — деди Боронов.

Количество просмотров: 104