• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Боронов Бишкек ЖЭБинде жүргүзүлгөн оңдоо иштери боюнча маалымат берди

14 Бирдин айы 201910:20 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 14.02.2019. Govori.TV.

Бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкек ЖЭБинде жүргүзүлгөн иштер боюнча маалымат берди. 

«2018-жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептерин изилдөө үчүн комиссия түзүлгөн. Бүгүнкү күндө ЖЭБде буу казан жана турбиналык цехтердин башкы корпусу капиталдык оңдоодон өттү. Атап айтканда, имараттын дубалындагы ачык жерлери толугу менен бүтөлүп, терезелерине айнектер салынды. Андан сырткары, имараттын чатыры алмаштырылды. Ошондой эле, мындан башка оңдоо иштери да жүргүзүлдү. Үч буу казанынын агрегатында импульсттук линияларынын системинин жылытуу боюнча иштер аяктады. Эки буу казанынын агрегатындагы калган жылытуу иштерин кийин бүтүрүү пландалууда.

Бишкек ЖЭБиндеги иштерди турукташтыруудагы негизги кадамдардын бири болуп 2018-жылга карата бекитилген оңдоо жана калыбына келтирүү иштери болуп саналат. 2018-жылы «Электр станциялар» ачык акционердик коомунун системинде 8 окутуу семинар өткөрүлүп, ага 1 миң 150 адам катышкан.

Бүгүнкү күндө Бишкек жылуулук борбору штаттык режимде иш алып барууда. 7 буу казан агрегаты жана 5 турбоагрегат иштеп, 8 буу казан агрегаты жана 3 турбоагрегат резервде турат», — деди Боронов.

Количество просмотров: 11