• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Боронов: Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштардын жашоочуларын текшерүү башталат

24 Чын куран 2020 17:57 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 24-апрелде Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйыны өттү. Анын жүрүшүндө тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов чет өлкөдөгү кыргызстандыктар менен иш алып баруу тууралуу айтып берди, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

Анын айтымында, бүгүнкү күнү 4 миңден ашуун жаран Кыргызстанга кайтууну каалашууда.

«Дүйнөдө коронавирус жайылган учурдан тартып Кыргызстанга ТИМдин жана башка мамлекеттик органдардын аракеттешүүсү аркылуу жалпысынан 6767 кыргызстандык өлкөгө кайтарылган», — деди министрдин орун басары.

Ал белгилегендей, башка мамлекеттерден мекендештерди кайтаруу иштеринин алкагында Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелери тарабынан жарандардын аты-жөнү жазылган тизмеси түзүлүп, аларды өлкөгө алып келүү жолдору жана каттамдары изделүүдө.

Жыйындын жүрүшүндө лабораторияларды тест-системалар менен камсыздоо маселелери талкууланды. Саламаттыкты сактоо министрлигине, Тышкы иштер министрлигине тест системаларын сатып алуу жана өлкөгө жеткирүүнү уюштуруу иштерин күчөтүү тапшырылды.

«Мен буга чейин белгилегендей, тест системалардын запасы бизде дайым болушу керек. Бул боюнча үзгүлтүксүз иш жүргүзүү кажет. Лабораториялар толук кандуу иштөөгө тийиш. Жакынкы мезгилде 49 конуштун, Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштардын жашоочуларын текшерүү, зарылдыгына жараша тест алуу башталат. Мындан тышкары биз жаңы аба каттамдарды күтүүдөбүз. Бардык тармактык кызматтар толук даяр турушу шарт, эч кандай катачылыктар жана иштеги жетишсиздиктер болбоого тийиш», — деди вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.

Штабдын жыйынынын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына тапшырмалар берилди.

Количество просмотров: 431