• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Пара менен кармалган УКМКнын кызматкери иштен алынды. Боронов Жалал-Абадга барат

11 Аяк оона 2020 14:01 Бишкек Govori.TV

ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН ЭКИ АДАМ КАЗА БОЛДУ

Бүгүн, 11-сентябрда, Ош — Баткен — Исфана унаа жолунун 11-чакырымында «Ауди 100» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жерине 6 куткаруучу тартылган, бирок алар жеткиче, тез жардам кызматкерлери жабыркагандарды Баткен облустук ооруканасына алып кетишкен.

«Кырсыктын кесепетинен эки адам жабыркаган (1993-жылы туулган жана 2005-жылы туулган) жана эки адам ооруканадан каза болгон (1967-жылы туулган жана 1974- жылы туулган)», – деп айтылат билдирүүдө.

ПАРА МЕНЕН КАРМАЛГАН КЫЗМАТКЕР ИШТЕН КЕТТИ

УКМКнын пара менен кармалган кызматкери иштен бошотулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өздүк коопсуздук кызматы (ӨКК) улуттук коопсуздук органдарынын кызматкери Н.у.С.га карата жүргүзгөн кызматтык иликтөөнү аяктады.

Ички иликтөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, үстүбуздөгү жылдын 4-сентябрында Бишкек шаарында Финполдун кызматкерлери Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси «Пара талап кылуу» боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында УКМКнын «Н.у.С» аттуу кызматкерин кармашкан.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында кызматкер беделин түшүргөндүгү үчүн улуттук коопсуздук органдарындагы ишинен бошотулган. Бүгүнкү күндө аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүп жатат.

БОРОНОВ ЖАЛАЛ-АБАДГА БАРАТ

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов 11-12-сентябрь күндөрү эки күндүк иш сапар менен Жалал-Абад облусуна барат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчы Жалал-Абад облусундагы жумушчу сапарынын алкагында Чаткал, Ала-Бука жана Аксы райондорундагы социалдык объектилердин курулушу, ички жолдорду реконструкциялоо, ирригациялык объектилерди куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн көрүп чыгат, ошондой эле кайра иштетүүчү ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышат

Количество просмотров: 80