• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Боронов: 1-класстан башкасы биринчи чейректи аралыктан окуйт

19 Баш оона 202015:22 Бишкек Govori.TV

1-сентябрда мектепке биринчи класстын окуучулары гана барышат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында өкмөт башчы Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, калган окуучулар биринчи чейректи аралыктан окушат.

«Жаңы окуу жылы башталганда 1-класстын окуучулары гана мектепке барышат. Калган окуучулар биринчи чейректи аралыктан окушат. Күзгө карата эпидемиологиялык абал турукташса алар экинчи чейректен баштап мектепке барышат. Бул маселе боюнча биринчи чейрек учурунда чечим чыгарылат», — деди Боронов.

Количество просмотров: 221