Экс-премьер-министр Кубатбек Боронов COVID-19 коронавирустук инфекциясына кабылды. Бул тууралуу «Кабар» агенттиги анын жардамчысы Руслан Турдумамбетовго таянып жазды.
Маалым болгондой, Бороновдун абалы канааттандырарлык.
“Ал ооруканада. Кубатбек Боронов жандандыруу бөлүмүнө түшкөн жок. Мындай туура эмес маалыматтар тарап кеткен”, — деп билдирген ал.