• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Боронов кафе, ресторандарды 100 орунга чейин толтурууга уруксат бериле электигин эскертти

15 Аяк оона 2020 17:23 Бишкек Govori.TV

Кафе, ресторандарды, тойканаларды 100 орунга чейин толтурууга уруксат бериле элек. Бул тууралуу өкмөт башчы Кубатбек Боронов билдирди.

“Эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен тойканаларды 100 орунга чейин ачылышына республикалык штабда маселе каралмайынча, алардын ачылбастыгын эскертемин. Азыркы тапта, жарандардан, ишкерлерден кафе-ресторандарды 100-150 орунга чейин көбөйтүү боюнча талаптар, суранычтар болууда. Бирок, биз биринчиден кырдаалды эске алып, экинчиден кафе-ресторандардын ээелери менен биргеликте шарттарды туура түзгөнгө жетише ала турган болсок, анда бул маселени караганга мүмкүнчүлүк туулат”, — деп билдирди Боронов.

Количество просмотров: 88