• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кадамжайда тойканада уулангандардын саны 89 адамга жетти

1 Баш оона 2022 12:34 Бишкек Govori.TV

Кадамжай районунда уулангандардын саны 89 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, 16 адам ооруканага жаткырылды, анын ичинде экөө бала.

«Аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, детоксикация терапиясы көрсөтүлдү. Бейтаптардын абалы жакшырды. Жабырлануучулардын клиникалык материалдары (ашказанын жуу) лабораториялык изилдөө үчүн тандалып алынды», — деп белгилешти ведомстводон.

Эске салсак, 30-июлда тойканада 250 адамдын катышуусунда үй-бүлөлүк маараке өткөн.

Белгиленгендей, алгачкы жабырлануучулар 31-июлда саат 18:30дарда Кадамжай райондук жалпы дарыгердик практика борборуна кусуу, дене табынын 38-39га чейин көтөрүлүшү, алсыздык, ич өтүү симптомдору менен кайрылышкан (48 адам).

Тактоо учурунда жабырлануучулар этте, майонез кошулган салатта, тоок этинде жыт болгонун белгилешкен.

Количество просмотров: 278