«Тилекке каршы, күнүгө коронавирус оорусуна чалдыккан медкызматкерлер көбөйүп жатат. Аймактардан бери медкызматкерлерди тартылды. Өлкө аймагынан тышкары иштеген кыргызстандык дарыгерлер да жардамга тартылышты. Дагы бир жолу айтабыз – ушундай шартта биз эмгек өргүүсүндөгү медкызматкерлердин жардамына муктажбыз. Эмгек акылар сөзсүз түрдө берилет», — деп билдирди Премьер-министр Кубат Боронов.
Анын айтымында, учурда Бишкек шаары боюнча медициналык уюмдарда 235 медкызматкер эмгек өргүүдөн чакыртылды:
врачтар – 88 бар;
орто мед персоналдар – 104;
кенже мед персоналдар – 24;
жана башка персонал: лаборант, эпиодемиолог, физиотерапев – 19.
«Өкмөт эч кимге эч кандай мажбурлоо иштерин жүргүзгөн жок. Дарыгерлер өз каалоосу менен жумушка чыгышты. Учурда дагы деле «эмгек өргүүдө калам» деген медкызматкерлер болду», — деп билдирди К.Боронов.