• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Боронов комада жаткан дарыгерге тийиштүү көмөк көрсөтүү тапшырмасын берди

29 Аяк оона 2020 13:18 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине 6 айдан бери оор абалда жаткан Ош облусунун Ноокат районундагы «Барын» медициналык борборунун башкы дарыгеринин орун басары Мукарам Ураимовага ыкчам тартипте тийиштүү көмөк көрсөтүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги түзүлгөн абалды иликтеп чыгууну жана дарыгерди санитардык авиация аркылуу Бишкек шаарынын адистештирилген медициналык мекемелеринин биринде мындан ары дарылануудан өтүүсү үчүн алып келүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.

Кубатбек Боронов ошондой эле дарыгерге тиешелүү компенсациялык төлөмдөр берилиши керектигин кошумчалады.

Белгилей кетүүчү жагдай, Мукарам Ураимова 2020-жылдын 18-19-мартында, COVID-19 пандемиясынын биринчи толкунунда биринчилерден болуп обсервациялык жайда иштеп, ал жактан коронавирус инфекциясын жуктуруп алган. Илдеттин кесепетинен өпкөсүнүн 80% жабыркаган. Мукарам Ураимова ооруканада 3 ай жаткан. Учурда анын абалы оор, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган.

Количество просмотров: 76