• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Боронов: Коронавирус курчуган аймактарга мобилдүү госпиталдарды уюштуруу пландалууда

5 Баш оона 202015:24 Бишкек Govori.TV

Коронавирус курчуп кеткен аймактарга мобилдүү госпиталдарды уюштуруу маселеси каралууда. Бул тууралуу онлайн брифингде премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Бороновдун айтымында, Кытайдан эки жаңы мобилдүү госпиталды алуу пландалып жатат.

«Мобилдүү госпиталдар алынса, абал курчуп кеткен аймактарга коюлат. Анда атайы тиешелүү жабдыктар, реанимациялык бөлмөлөр болот. Учурда бул боюнча тиешелүү министрлик иш жүргүзүүдө», — деди Боронов.

Количество просмотров: 91