Кыргызстан эпидемиянын туу чокусуна жетти деп айтуудан алысмын. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндө өткөн брифингде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
«Бүгүнкү күндө эпидемиянын туу чокусуна жеттик деп айтуу кыйын. Буткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун методикасынын негизинде эсептен чыккан эсептөөлөрүбүз туура чыгууда. 30-апрелге чейин биздин республикада 770 оорулу болот деп божомолдогонбуз. Анын 60% бүгүнкү күндө айыгып чыкты. 29-апрелге карата 729 адам коронавирус жуктурган. Демек, өлкөдөгү инфекциянын жайылышын бир топ көзөмөлдөй алдык десек болот», — деп билдирди Боронов.