Кыргызстанда эпидемиологиялык абал толугу менен жакшырды деп айтууга эрте. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүн, 8-сентябрда өткөн брифингде билдирди.
«Январь айынан бери президентибиз башында туруп, өкмөт эпидемиологиялык жана экономикалык абалды туруктуу кармап туруунун үстүндө колубуздан келишинче аракет жасадык. Бүгүнкү ундө коомдук жайларда, билим берүү мекемелеринде кабыл алынган алгоритмдерге ылайык санитардык-эпидемиологиялык талаптар күчөтүлөт»,-деди Боронов.