• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Боронов: Медициналык жабдыктарды сатып алуу үчүн өкмөт тарабынан 50 млн сом бөлүндү

2 Теке 2020 13:55 Бишкек Govori.TV

3-июлда Кытай өлкөсүнөн 500 кычкылтек концентратору келет. Бул тууралуу брифингде премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, медициналык жабдыктарды сатып алуу үчүн өкмөт тарабынан 50 млн сом бөлүндү.

«Бүгүнкү күндө Кыргызстанда бейтаптар үчүн кычкылтек концентраторлору зарыл болуп жатат. Эртең саат 10:30да Кыайдан 500 кычкылтек концентратору жана башка медициналык керектүү жабдыктар келет. Андан тышкары дагы 500 кычкылтек концентраторуна буйрутма берилди. Алар бир жума ичинде алынып келинет. Донорлордун эсебинен 63 дем алдыруучу аппарат, 111 кычкылтек концентраторун сатып алабыз. Алар 15-июлга чейин келип калат деп күтүп жатабыз”, — деди Боронов.

Количество просмотров: 107