• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Боронов: Нарында эпидемиологиялык абал татаал бойдон калууда

15 Бугу 2020 16:42 Бишкек Govori.TV

Нарын шаарында эпидемиологиялык абал татаал бойдон калууда. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда Республикалык ыкчам штабдын жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, байланышта болгон бейтаптардын саны облуста жашаган калктын санына салыштырмалуу жогору болуп саналат.

«Бул тартиптин начардыгы, үй карантин талаптарынын аткарылбай жатканынан кабар берет. Анын кесепетинен күнөөсүз жарандар жабыркап жатышат. Буга мисал катары COVID-19 дарты катталган Нарын шаардык төрөт үйүн айтууга болот. Катардагы жарандар гана эмес, медициналык кызматкерлер да үй карантиндин талаптарын тыкыр аткаруусу шарт. Тийиштүү талаптарды аткарбаган жарандар жоопко тартылышы керек», — деди ал.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкуловго өз милдеттерин толук кандуу аткарбай жаткан мамлекеттик кызматкерлер боюнча сунуш киргизүү тапшырылды.

Бүгүн, 15-майга карата Нарын шаарында коронавирус жуктурган 7 адам катталды. Жаңы катталган бейтаптардын төртөө төрөт бөлүмүнөн чыккандар, бирөө милиция кызматкери, экөө ооругандар менен байланышта болгондор. Шаарда коронавирус жуктургандардын саны 66 адамга жетти.

Количество просмотров: 57