• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Боронов: Пневмония болгон бейтаптардын көбөйүшү кырдаалды мурдагыдан дагы курчутту

7 Теке 2020 14:23 Бишкек Govori.TV

Коронавирус инфекциясынын кесепетинен өпкөсү сезгенген бейтаптардын санынын көбөйүшү кырдаалды мурдагыдан дагы курчутту. Мындай пикирин өкмөт башчы билдирди.

«Республикада эпидемиологиялык кырдаал өтө оор болуп турат. Акыркы күндөрү өлкө боюнча күнүгө 300дөн ашык адам коронавирус инфекциясын жугузууда. Айрым учурда COVID-19га чалдыккандардын саны 500гө чейин жетүүдө. Коронавирус инфекциясынын кесепетинен өпкөсү сезгенген бейтаптардын санынын көбөйүшү кырдаалды мурдагыдан дагы курчутту», — деп билдирди КР Премьер-министри Кубатбек Боронов.

Анын айтымында, мунун баары коронавирус инфекциясынын жана өпкөнүн сезгенишинен улам жарандардын күнүгө каза болушуна алып келди.

«Пандемияны эске алуу менен, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда эпидемиологиялык абалдын начарлашынан улам ата мекендик саламаттык сактоо системасына болуп көрбөгөндөй күч келгенин моюнга алышыбыз керек. Кырдаал өтө оор жана татаал, ал үчүн биздин жоопкерчилигибиз бар. Учурда жарандарыбыз ооруканалардан медициналык жардам алууда кыйынчылыктарга туш келүүдө. Ооруканалардагы кезек күтүү жана бейтаптар үчүн даярдалган орундардын тез толушу — бул бүгүнкү күндүн чындыгы», — деп белгиледи Кубатбек Боронов.

Премьер-министрдин айтымында, Биз күн сайын элди дарылоо үчүн жаңы орундарды түзүп, күндүзгү стационарларды ачып жатабыз. Мындай кабыл алуу борборлору Бишкек шаары менен Чүй облусунда гана ачылбастан, өлкөнүн бардык аймактарында түзүлүүдө.
Бүгүнкү күндө бул ишке кайдыгер эмес жарандар стационар үчүн имаратын берип, медицина кызматкерлерине тамак-аш ташып, финансы каражаттарын чогултуп, жетишсиз болуп жаткан медициналык аппараттарды сатып берүү менен жардам берүүдө.

Количество просмотров: 233