• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Боронов: Жалпы билим берүү мекемелери азырынча иштебейт

19 Бугу 202015:45 Бишкек Govori.TV

Жалпы билим берүү мекемелери азырынча иштебейт. Бул тууралуу бүгүн өкмөттө өткөн брифингде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

«Жалпы билим берүү мекемелери азырынча иштебейт, анткени ооруну жуктуруп алуу тобокелчилиги жогору. Ал эми балдар бакчалары боюнча, алардын ачылышы 1-июнга жылдырылды, эгерде эпидемиологиялык кырдаал турукташса, анда аларга иштегенге уруксат беребиз», — деп билдирди биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.

Количество просмотров: 355