• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бош турган 5 млрд. сомду эмне кылышат?

26 Баш оона 202417:42 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик бюджеттеги убактылуу бош турган каражаттарды Кыргызстандагы коммерциялык банктарга жайгаштыруу сунушун Финансы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, сунуштарды Финансы министрлигинин конкурстук комиссиясы карайт.

Жайгаштырууга каралган каражаттын жалпы көлөмү 5,0 млрд. сомду түзүп, 12 лотко бөлүнгөн. Мөөнөтү 4 айга чейин.

Каражаттарды жайгаштыруучу коммерциялык банктарды тандоо сынагына сунуштар 29-сентябрь күнү кечке чейин кабыл алынат.

Количество просмотров: 110