• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жаңы мамлекеттик банк пайда болду

3 Үчтүн айы 202513:09 Бишкек Govori.TV

КР Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон токтомго ылайык, «Кылым Банк» ачык акционердик коому түзүлдү.

Жаңы банктын уставдык капиталы 100 пайыз толугу менен мамлекетке тиешелүү болуп, ал республиканын банк жана финансы тармагын өнүктүрүү үчүн түзүлүп жатканы айтылды.

Аталган банктын уставдык капиталы 1 млрд сомду түзүп, бир акциянын номиналдык наркы 1 миң сом болот. Банктын уставдык капиталы 2027-жылы 5 млрд сомго чейин өсүшү керектиги белгиленген.

Количество просмотров: 1576