• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кабел үзүлүп, интернет иштебей, айрым банктардын тиркемелери убактылуу чектөө жарыялады

25 Аяк оона 202417:09 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда бүгүн түштөн бери интернет үзгүлтүккө учурады. Көйгөйлөр зымдуу жана мобилдик интернетте катталды.
Акнет Бишкектин чыгыш тарабында магистралдык кабель үзүлүп, интернет жана телекөрсөтүү кызматтарына кирүү чектелгенин билдирди.

Ошондой эле Дмитриевка, Красная Речка, Станция, Ивановка, Киров, Лебединовка, Люксембург айылдарында, Кант, Токмок шаарында, Рухий-Мурас, Алтын-Ордо, Өскөн-Ордо, Учкун, Чыгыш-5, Ч.Валиханов көчөсү, Бишкектин чыгыш тарабында интернет үзгүлтүккө учурады.

«Компаньон» банкы мобилдик тиркемеде Elcard жана Visa транзакцияларына убактылуу чектөө жарыялады.

«Оптима Банк» тармактык провайдердеги негизги байланыш каналы үзгүлтүккө учурап, банк бөлүмдөрүндөгү операциялар жана мобилдик тиркеме убактылуу жеткиликсиз болорун билдирди.

Количество просмотров: 363