• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бош турган элчилик кызматына талапкерлер аныкталды

10 Үчтүн айы 201917:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 10.01.2018. Govori.TV

Түштүк Корея, АКШ, Россия жана Кытайга элчиликке талапкерлер аныкталды.

Маалым болгондой, тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова Түштүк Кореяга элчиликке көрсөтүлүүдө. Динара Кемелова 48 жашта. Кыргыз, орус, япон, англис тилдеринде эркин сүйлөйт.

Ал эми Канайым Бактыгулова Кытайдагы элчиликти жетектеши мүмкүн. Ал 2013-2017-жылдары Кытай жана Монголиядагы дипломатиялык корпусту башкарган.

Ал эми Кыргызстандын Россиядагы элчиси Болот Отунбаев АКШга көчөт. Анын ордуна Россияга мурдакы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов бараары күтүлүүдө.

Талапкерлер эмки жумада Жогорку Кеңештин эл аралык мамиле, коопсуздук жана коргоо комитетинде каралат.

Количество просмотров: 52