• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Бош турган министрлик орундарга талапкерлер сунушталды

28 Бугу 201912:47 Бишкек Govori.TV

Бишкек.28.05.2019.Govori.TV.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетине өкмөт мүчөлүгүнө төрт талапкерди тааныштырды.

Алар:

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына Эркинбек Чодуев (учурда айыл чарба министринин орун басары);

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин жетекчилигине Дастан Догоев (учурда КР Президентинин кеңешчиси);

Өкмөт аппаратынын министр рангындагы жетекчилигине Самат Кылжыев (учурда Өкмөт аппаратынын финансы жана насыя саясаты боюнча бөлүмүнүн жетекчиси);

Экономика министри кызматына Санжар Мукамбетов (Финансылык көзөмөл жана отчёттуулук боюнча мамлекеттик агенттигинин төрагасы).

Өткөн аптада аталган төрт органдын тең жетекчилери отставкага кетишкен.

Булак: sputnik.kg

Количество просмотров: 30