• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

Бостериде 23 жаштагы жигит каза болгон. Милиция эмне дейт?

7 Баш оона 2023 10:18 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл ОИИБдин «Золотые пески»пансионатынын жээгинде 23 жаштагы эс алуучунун каза болгон окуясы боюнча маалымат берди.

Маалыматка ылайык, 6-августта болжол менен саат 05.10 чамаларында Ысык-Көл РИИБдин нөөмөт кызматына «103» кызматынан билдирүү түшүп, анда Бостери айылындагы «Алтын Кум» пансионатынын көл жээгинде Талас облусунун тургуну 23 жаштагы А.Б. каза болгондугу маалымдалган.

«Аталган билдирүү райондук милициянын маалымат электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге Бостери айылдык милиция бөлүмчөсүнүн тергөө-ыкчам тобу жөнөтүлөт.

Алгачкы сырткы кароо иштери жүргүзүлгөндө, жигиттин денесинде кандайдыр бир криминалдык тактар байкалган эмес. Күбөлөрдү сурамжылоо учурунда, каза болгон жаран 5-август күнү жубайы жана классташтары менен Ысык-Көл районунун Бостери айылына эс алганы келгени аныкталган.
Классташтарынын биринин айтымында, болжол менен саат 23.30 чамаларында каза болгон жаран жана дагы бир классташы менен көл жээгинде жайгашкан барда эс алып жатышкан. Эс алуу учурунда, А.Б. белгисиз жарандар менен менен чатакташа кеткен, кийинчерээк болсо, бардан ылдыйрак жактан аны эс-учун жоготкон абалда таап, жардамга элдерди чакырган. Жардамга келген эс алуучулардын бири өзүн медициналык адис катары тааныштырып, жабырлануучуга жардам көрсөтө баштаган.

Милиция кызматкерлери тарабынан аталган жарандын өздүгү аныкталган. Ал Ош облусунун тургуну, 23 жаштагы У. К. болуп чыкты. Анын айтымында, бул күнү болжол менен саат 05.00 чамаларында көл жээгинде сейилдеп жүрүп, жардам сураган кыйкырыктарды уккан. Ал жерге чуркап келип, эс-учун жоготкон жигитти көрүп, дароо биринчи жардам көрсөтө баштаган. Жардам берип жатып, ал жабырлануучу тилин жутуп алганын байкаган жана тилин чыгаруу үчүн жабырлануучунун жаагын ача баштаган. Бул учурда тез жардамдын кызматкерлери келип, жардам көрсөтүүнү улантышкан. Бирок жигитти эс учуна алып келүү аракеттеринин баары, натыйжа берген жок», — деп айтылат маалыматта.

Кошумчалангандай, Талас облусунун 23 жаштагы тургуну А.Бнын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынат.

Ошондой эле милиция кыргыз сегментинде Талас облусунун тургуну, эс алып жаткан 23 жаштагы А.Бнын өлүмүнө байланыштырып, массалык мушташ тууралуу видео тараганын кошумчалап, аталган видео 5-августта эртең менен таратыла баштаган, андыктан бул окуяга эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.

«Аталган видеодогу окуя, ушул жылдын 3-июль күнү Кара-Ой айылынын пляж аймагында, жергиликтүү тургундар менен «Акун» пансионатынын кызматкерлеринин ортосунда болгонун билдиребиз. Окуянын бардык катышуучулары аныкталган. Алар 15-16 жашка чейинки өспүрүмдөр болгон. Алардын айтымында, 3-июль күнү саат 01.00 чамасында көл жээгинде өспүрүмдөрдүн ортосунда оозеки уруш чыгып, мушташка айланган. Окуяны өз убагында көргөн пансионаттын коопсуздук кызматкерлери өспүрүмдөрдү ажыратып, таратып жиберишкен», — деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, 5-августтан 6-августка караган түнү Ысык-Көлдө 23 жаштагы жаран каза болгон. Жигиттин сөөгү таңга жуук «Золотой пески» пансионатынын пляжынан табылган. Маркумдун бир тууганы өлүмгө белгисиз адамдардын тобунун ур-токмогу себеп болгонун айтып, окуяга кубө болгон жарандарга кайрылуу жолдогон. Милиция 23 жаштагы жигиттин өлүмүнүн себеби эпилепсия болгонун маалымдаганы кошумчаланган. Бирок, муну маркумдун жакындары четке кагууда.

Количество просмотров: 334