• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бостериде каза болгон Аманкуловдун иши боюнча төрт кишиге өкүм чыкты

18 Чын куран 202415:13 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл райондук соту 5-апрелде Ысык-Көлдүн Бостери айылында киши колдуу болгон Бекбол Аманкуловдун өлүмүнө айыпталгандарга карата өкүм чыгарды.

Ысык-Көл райондук соту Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси менен Б.Б.Т., Э.А.К., Ж.Р.К., А.У.А. аттуу төрт жаранды 15 жылга абакка кести. Алардын жаза өтөө мөөнөтү 2023-жылдын 12-августунан баштап эсептелет.

Мындан сырткары соттолгондордон жабырлануучу А.А.Эге 1 млн 180 миң сом өндүрүлдү.

Бекбол Аманкулов 2023-жылдын 6-августунда Бостери айылында эс алып жүргөн мезгилде, көл жээгинде каза болгон. Милиция ал талмасы кармап каза болгонун билдирип, маркумдун жакындары Бекбол киши колдуу болгонун айтып чыгышкан. Акыры иш президенттин көзөмөлүнө алынып, факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Количество просмотров: 92