• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Канышай Мамыркулованын иши: Сот өкүм чыгарганы кеңешүү бөлмөсүнө кетти

3 Теке 202511:47 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-июлда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда журналист Канышай Мамыркулованын ишин кароо уланды. Бүгункү отурумда тараптардын жарыш сөзү айтылып, сот кеңешүү бөлмөсүнө кетти.

30-июндагы соттук отурумда прокурор сөз сүйлөп журналистти сегиз жарым жылга эркинен ажыратууну суранган болчу.

Эске салсак, Канышай Мамыркулова 20-мартта кармалган. Ага КР Кылмыш-жаза кодексинин «Массалык баш аламандыктарга чакыруу» жана «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу» беренелери боюнча айып тагылган.

Журналист мындай кинелерди четке кагып келет. Ал март айынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда.

Количество просмотров: 247