• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жогорку сот Аскат Жетигенди абакта калтырды

18 Жалган куран 202515:12 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 18-мартта Жогорку сотто жарандык активист, ырчы Аскат Жетигендин адвокаттарынын кассациялык арызы каралып, ал камакта калтырылды.

13-март күнү адвокаттар толук экспертиза жүрбөгөндүгүн айтып, Аскат Жетигенди актоону суранган. Отурум бүгүнкүгө жылган болчу.

Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Жолдошбек Сулайманов Аскат Жетигендин иши боюнча былтыр 1-июлда чечим чыгарган. Судья аны Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен “күнөөлүү” деп таап, үч жылга эркиндигинен ажыраткан. 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) боюнча актаган.

Бишкек шаар соту 17-октябрда райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

УКМК Аскат Жетигенди алгач 16-мартта Кочкор районунан кармап, Бишкек шаарына алып келген. Коомдо анын кармалышы катуу талкууланып, бошотуу талабы коюлган. 18-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту аны эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон. 20-мартта УКМК Аскат Жетигенге дагы бир иш козгогон. Ушул эле күнү Биринчи май райондук соту аны Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алган.

Количество просмотров: 247