• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Бостеридеги пляжда кыздар мушташты

17 Баш оона 2023 17:47 Бишкек Govori.TV

Бостеридеги пляжда кыздар мушташты. Милиция окуя 3-июль күнү чуулгандуу “Золотые Пески” эс алуу жайында болгонун билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көлдүн Чырпыкты айылынын 22 жаштагы тургуну iPhone 11 Pro телефонун тартып алып, курбусу экөөнү себепсиз сабаган белгисиз кыздарга чара көрүп берүү өтүнүчү менен милицияга кайрылган. Келтирилген чыгым 48 миң сомду түзгөн.

Арыз Ысык-Көл РИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) менен кылмыш иши козголгон.

«Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, кылмышка шектүү жарандар аныкталып, райондук тергөө кызматына алынып келинген. Алар, Бишкек шаарынын 16-17 жаштагы тургундары С.Г., А.К., Т.А., Т.П., З.Б. жана К.А. болуп чыгышты. Жүргүзүлгөн алгачкы суракта кармалган кыздар күнөсүн толугу менен моюндарына алышкан. Кармалган шектүү жарандарга карата райондук соттун чечими менен тергөө амалдарын өткөрүү учурунда үй камагына алуу баш коргоо чарасы кабыл алынган болчу. Бирок тергөөдө учурунда, шектүүлөр бир нече жолу тергөөгө келүү талаптарын бузгантыктан, тергөө кызматы тарабынан аларга карата бөгөт коюу чарасын өзгөртүү жөнүндө өтүнүч киргизилген. Тергөөнүн өтүнүчү эске алуу менен, райондук сот тарабынан аталган жарандарга карата 1-сентябрга чейинки мөөнөткө камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды»,-деп жазылат маалыматта.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.

Количество просмотров: 288