• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Ботаникалык бактын аймагындагы куураган чөп күйүп, өрт чыкты

14 Теке 2020 14:54 Бишкек Govori.TV

13-июль күнү Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Ботаникалык бактын аймагындагы куураган чөп күйүп, өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, тилсиз жоо бакчанын жалпы 3000 чарчы метр аянтына жайылган. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.

1938-жылы түзүлгөн Ботаникалык бак өсүмдүктүн көп түрдүүлүгү боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчи орунду ээлейт. Эл аралык Ботаникалык бакчалар ассоциациясынын мүчөсү.

Ушул тапта бакчанын аянты 124 гектарды түзөт. Анын 36 гектар жеринде сейилдөөгө шаар тургундарына уруксат берилген. Акыркы жылдары бакчада кайра-кайра өрт чыгып, бак-дарактар куурап жатканын активисттер айтып келишет. 

Количество просмотров: 119