• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Бразилияда массалык башаламандык орун алды

9 Үчтүн айы 2023 10:09 Бишкек Govori.TV

Бразилияда президенттик шайлоого байланыштуу массалык башаламандыктар орун алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, мурдагы президент Жаир Болсонарунун тарапкерлери 8-январда өлкө парламенти – Конгресстин имаратына жана президенттик ордого кирип барышкан.

Өлкө бийлиги шаарга укук тартибин коргоо кызматкерлеринин кошумча күчтөрү жөнөтүлөрүн билдирди.

Президенттик шайлоо бул өлкөдө былтыркы жылдын октябрында өткөн. Расмий эсеп боюнча жеңүүчү деп табылган Луи́с Ина́сиу Лу́ла да Си́лванын инаугурациясы 1-январда уюштурулган. Болсонарунун тарапкерлери шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганын айтып жатышат.

Количество просмотров: 467