• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Блогер Адилет Балтабай “Массалык башаламандык” беренеси боюнча кармалды

1 Теке 2022 9:54 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда Адилет Балтабай деген ысым менен белгилүү блогер, Next TV телеканалынын штаттан тышкаркы кабарчысы Адилет Али Мыктыбек Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү маалымдады.

Учурда Адилет Али Мыктыбек убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө жүрүп жатат. Милиция блогер кайсы массалык башаламандыкка байланыштуу кармалганы тууралуу маалымат берген жок.

Количество просмотров: 480