• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ИИМ: Бийликти басып алуу үчүн массалык башаламандык уюштурууга шектүүлөр кармалды

12 Жетинин айы 202423:38 Бишкек Govori.TV

ИИМдин ыкчам иштөөчү кызматкерлери күч колдонуп бийликти басып алууну пландап, башаламандык уюштурууга аракет жасаган шектүүлөрдү колго түшүрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери массалык башаламандыктарды жана коомдук саясий абалды дестабилдештирүүгө даярданып жаткан кандайдыр бир топ тууралуу маалымат алышкан. Алынган маалыматка караганда, атайын топ бийликти күч менен басып алуу максатында түзүлгөн. Ар бир катышуучунун аткара турган иши бөлүштүрүлгөн (уюштуруучулар, жардамчылар, финансисттер, аткаруучулар).

Ошентип, Бишкектин четинде спорттук жана башка оюндарды өткөрүү пландалган. Улуттук спорттук оюндарды өткөрүүнүн арты менен алар зордук-зомбулуктарды, антиконституциялык чакырыктарды жасап, андан ары абалды оорлотуп, 2024-жылдын 17-ноябрында өтө турган шайлоо күнү бийликти күч менен басып алууну көздөшкөн.

Жыйналган маалыматтардын негизинде ИИМ КР Кылмыш кодексинин 36 — 278-беренесинин 1-бөлүгү боюнча (Башаламандык, зордук-зомбулук, талкалоо, өрттөө, мүлктү жок кылуу, куралдарды, жарылуучу заттарды колдонуу же бийлик өкүлдөрүнө куралдуу каршылык көрсөтүү менен коштолгон массалык башаламандык уюштурууга даярдык) кылмыш иши козголду.

Ыкчам иликтөө иштеринин аркасында, бул топтун бир катар катышуучулары кармалды.

1. Ош облусунда жашаган чет элдик жаран 1987-жылы туулган К. А.О. чет өлкөнүн аймагындагы согуштук аракеттердин катышуусу болгон. Анын милдети физикалык жактан күчтүү адамдарды таап, өздөрүнө тартып аларга тескеме берип, спирт ичимдиктерин, тамак-ашты сатып алып, массалык башаламандык убагында укук коргоо органдарынын аракеттерине байкоо жүргүзүп, алынган маалыматтарды уюштуруучуларга жана координаторлорго жеткирүү болгон.

Аны кармаганда жашаган жеринен согуштук граната, октор, үч квадрокоптер, тепловизор, оптикалык алыска мээлегич табылып, алынган.

2. Ошто жашаган чет өлкөлүк жаран А. у. М. да К. А. менен бирге башаламандык уюштурууга Кыргызстанга келген. Аны кармаганда номери өчүрүлгөн белгисиз маркадагы тапанча октору менен, 5,7 грамм гашиш табылган.

3. М. М. Т. аттуу чет өлкөлүк жаран башка өлкөдөгү согуштук аракеттердин катышуучусу болгон. Ал дагы К. А. менен бирге массалык башаламандык салуу үчүн Кыргызстанга келген. Ал дрондор боюнча адис, жарылуучу заттарды даярдап, колдонууну билет.

4. Чүй облусунун жашоочусу, уюштуруучу жана координатор Б.Т.Н. мурда бир нече жолу кылмыш жообуна тартылган. Массалык башаламандыктарды уюштуруу үчүн жогорудагы жарандарды тарткан, аларга каржылык колдоо көрсөтүп турган. Чагымчыл видеороликтерди, шилтемелерди месенжерлер аркылуу таратып, коомго жат элементтерди, мурда соттолгондорду таап, өзүнө тартып, мындан тышкары ушундай мыйзамсыз иштерди каржылоого да тийиштүү адамдарды табуу анын милдетине кирген.

5. Чүй облусунун жашоочусу К.Д.С. каракчылык иштери, мыйзамсыз курал сактоо, сатуу, баңги заттарын уурдап сатуу үчүн бир нече жолу соттолгон. Анын милдетине катышуучуларды спорттук иш-чара өткөрүү үчүн тартып, андан ары агитация жана каржылоо аркылуу жыйналган элди өкмөт үйүнө багыттоо кирген.

6. Чүй облусунун жашоочусу, уюштуруучу жана координатор Ч.А.С. уюштуруу, ролдорду бөлүштүрүү жана акча бөлүштүрүү, тартылган адамдарга жана чагымчыларга төлөп берүү боюнча Б. Тга жакын адам болгон.

7. Негизги уюштуруучу А.у.К. Жалал-Абад облусунун жашоочусу, КР Башкы прокурорунун мурдагы орун басары болгон. Анын милдети финансылык камсыздоо, укук коргоо органдары менен байланышуу, алардын иш аракети жөнүндө маалыматтарды берип туруу, ролдорду бөлүштүрүү жана массалык башаламандык менен бийликти басып алууну координациялоо болгон.

Бул топтун складынан 1000 бөтөлкө арак, 2000 бөтөлкө минералдык суу, 1 тонна күрүч, союу үчүн бир жылкы жана башка азык-түлүк табылган.

Колго түшкөндөргө КР Кылмыш кодексинин 41-берене 2-бөлүгү, 36-278-берене, 1-бөлүгү (Массалык башаламандыктарды даярдоону уюштуруу); 261-берене 1-бөлүгү (уюшкан топту түзүү); 263-берене 2-бөлүгү (уюшкан топту каржылоо); 326-берене (Бийликти күч менен басып алуу үчүн кол салуу); 256-берене 1-бөлүгү (КР жаранынын чет мамлекеттеги согуштук аракеттерге же куралдуу чыр-чатактарга катышуусу) боюнча айыптар коюлду.

Соттун чечими менен жогорудагы шектүүлөргө 2025-жылдын 10-январына чейин СИЗО 1 абагында кармоо бөгөт чарасы каралды.

Учурда бул иш боюнча бир катар тергөө ыкчам иштери жүрүп, уюшкан топтун дагы башка катышуучуларын аныктоо жүрүп жатат.

Количество просмотров: 194