• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Арасында ЖКнын экс-депутаты бар. Башаламандык уюштурууга шектелгендер кармалды

24 Бирдин айы 202516:32 Бишкек Govori.TV

Массалык башаламандык уюштурууга шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымат таратты.

Маалыматта айтылгандай, 2024-жылдын 20-декабрында “Кырк уруу жети дубан ынтымагы” коомдук бирикмесинин айрым мүчөлөрү нааразы болгон жарандарга массалык башаламандыкты даярдоого жана чакырууга багытталган жолугушуларды байма-бай уюштуруп, өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштырууга жана мүлктөрдү талкалоону көздөгөн акция, митингдерин уюштуруп жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (зомбулук көрсөтүү менен коштолуучу массалык баш аламандыктарды уюштуруу) негизинде кылмыш иши козголгон.

«2025-жылдын 24-февралында ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан “Кырк уруу жети дубан ынтымагы” коомдук бирикмесинин айрым мүчөлөрүнүн жашаган даректерине тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө далил катары: граната, чолок мылтыктар (обрезы), тапанча жана ок-дарылары, камуфляж кийимдери, атайын бет каптар, баңгизаттар, диний адабияттар, массалык башаламандыкты уюштуруу боюнча нускамалар, атылбоочу курал-жарактар (холодное оружие), унаа номерлери, уюлдук телефондор, флэш карталар жана башка буюмдары табылган. ИИМдин Тергөө кызматына төмөндөгү жарандар жеткирилген: 1963-ж.т. У.К., 1956-ж.т. Ч.А., 1983-ж.т. И.К., 1965-ж.т. Н.К., 1969-ж.т. И.Д., 1965-ж.т. Т.Дж., 1967-ж.т. О.И., 1979-ж.т. И.Дж., 1975-ж.т. А.К., 1968-ж.т. У.К., 1961-ж.т. К.Б. Алардын арасында КРдин Жогорку Кеңешинин мурунку депутаты дагы бар», — деп жазылат маалыматта.

Шектүү катары кармалгандар, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.

Количество просмотров: 1770