• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Брюсселде Европа Биримдигинин саммити башталды

23 Кулжа 2022 17:21 Бишкек Govori.TV

23-июнда Бельгиянын борбору Брюсселде Европа Биримдигинин (ЕБ) саммити башталды. Жыйын эки күнгө созулат. Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин лидерлери бул саммитте Украина менен Молдовага уюмга кирүүгө талапкер макамын берет деп күтүлүүдө. Мындай сунушту мурдараак Еврокомиссия берген.

“Тарыхый окуялар болуп жатат”,-деди Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен саммиттин алдында. Ал муну менен Орусиянын Украинага агрессиясы тууралуу гана эмес, бул кол салуудан кийин Украинанын, Молдованын жана Грузиянын ЕБге кирүүго арыз бергени да кеп болуп жатканын билдирди. Грузияга талапкерлик макам берилбейт, ага бир нече шарттар коюлушу мүмкүн.

16-июнда Франциянын, Германиянын, Италиянын жана Румыниянын лидерлери Киевге барып, өлкө жетекчилиги менен жолугушууда Украинага Евробиримдикке кошулууга талапкер макамын берүүнү колдой турганын билдиришкен. Ага чейин Украинанын борборуна Урсула фон дер Ляйен да келип кеткен.

28-февралда Украинанын президенти Владимир Зеленский Евробиримдикке кошулуу жөнүндө арыз жазган. 3-мартта ушундай арыз менен Грузия жана Молдова кайрылган.

Эгерде Украинага “кошулууга талапкер” макамы берилсе, анда өлкө уюмдун толук мүчөсү болушу үчүн анын талабына ылайык көптөгөн реформаларды өткөрүшү керек. Андан кийин уюмга мүчө 27 мамлекеттин баарынан бир добуштан колдоо алышы керек. Мурдараак Bloomberg басылмасы өз булактарына таянуу менен аны Евробиримдикке кошууга Дания менен Нидерланд каршы чыгып жатканын жазган.

Количество просмотров: 64