• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Арча-Бешикте аялды мыкаачылык менен өлтүрүп кетишкен

5 Чын куран 201812:43 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 05.04.02. Govori.TV
Бүгүн 5-апрелде Бишкектеги Арча-Бешик жаңы конушундагы үйлөрдүн биринен отуз жаштагы аялдын сөөгү табылган. Бул туурасында Бишкек ШИИБдин маалымат катчысы Адыл Оморов Govori.TV сайтына билдирди.
«Түнкү саат 03:00төр чамасында 102 кызматына билдирүү  келип түшкөн. Анда Арча-Бешик жаңы конушундагы үйлөрдүн биринен  30 жаштагы келиндин мыкаачылык менен өлтүрүлгөн денеси табылган. Учурда өлүмдүн себеби такталып жатат. Сөөк  өлүкканага экспертиза үчүн жөнөтүлдү» -дейт Оморов.
Мындан сырткары  аял Арча-Бешиктин тургуну  экени аныкталган. Бул боюнча милиция  тактоо иштерин жүргузүп шектүү адам изделүүдө.
Количество просмотров: 98